
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (МУКК) Баткен облусунун Кадамжай районунда айыл чарба максатында пайдаланылган жер участогун мамлекетке кайтарганын жарыялады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 0,86 гектар аянты бар участок Молдо-Нияз аймагында жайгашкан. Кайтарылган мүлктүн курамына жер участогунан тышкары, дан жана жемиштерди кургатуу үчүн имарат, ошондой эле айыл чарба продукциясын сактоо үчүн курулмалары кирет.
2000-жылдардын башында бул участокко тиешелүү складдар мыйзамсыз түрдө жеке колго өткөрүлүп, мыйзамдарды бузуу менен жана менчик укугун тастыктаган тиешелүү документтерсиз берилген.
Текшерүү иштерин жана оперативдик чараларды жүргүзүүдөн кийин бардык аныкталган мыйзам бузуу фактылары жоюлду. Эми жер участогу жана анын үстүндөгү объектилер кайрадан мамлекеттик каттоодо турат.