
205-беренеси боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында оперативдик жана тергөө иш-чаралары да жүргүзүлдү. Жыйналган оперативдик маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери ОПГ мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү.
Тинтүүнүн жүрүшүндө 36 жаштагы М.Н.дан 12-калибрлүү ок атуучу курал табылып, ал алынган. Кийинки изилдөө үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Мындан тышкары, 60 жаштагы С.М.нын жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлгөндө, 2021-жылдан бери ири алдамчылык боюнча издөөгө алынган 29 жаштагы С.А. кармалган. Ал Бишкектин Первомай райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөгө алынган.
Первомай райондук сотунун чечими менен С.А. убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иш-чаралары уланууда.