Текшерүү жүргүзүлгөндө, маркумдун моюнунда, жүзүндө жана башынын арткы бөлүгүндө дене жаракаттары табылган. Аял бул үйдө эркек жана анын балдары менен жашагандыгы такталууда.

Москва районунда аялды өлтүрүүгө шектүү кармалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өткөн күнү алардын ортосунда алкоголь ичимдиктерин ичкенден кийин конфликт болгон, анын жүрүшүндө эркек аялга өлтүрүүчү жаракаттарды берген.
Бул боюнча "Өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 1982-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда керектүү экспертизалар дайындалды жана тергөө улантылууда.