
Чүй облусунда 27 миң долларлык алдамчылык жасаган деп шектелген эркек киши кармалды.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Аламудун районунун ички иштер бөлүмүнө жаран кайрылып, анын таанышына юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн ишенимин пайдаланып, акчасын алып, байланыштан үзүлгөндүгүн билдирген.
Окуя 82 гектар жер тилкесин Узун-Кыр айыл өкмөтүндө алуу боюнча жардам көрсөтүү жана 200 гектар жерди лесхоздо документтештирүү менен байланыштуу болгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө 1983-жылы туулган С.К. аттуу шектүү адам аныкталып, кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Укук коргоо органдары бул алдамчылыктын курмандыгы болгон бардык жарандарды Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө же 0700 61 69 07, 0312 616 907 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырышат.
Тергөө уланууда.