
Кыргызстанды өкүлдөгөн Игорь Филин «мастерс 60-64» категориясында 62,4 чакырым аралыкта топтук жарышта өзүн мыкты көрсөтүп, алтын медальга ээ болду. Мындан тышкары, ал 20 чакырымдык бөлүнгөн стартта күмүш медаль уткан.
Кыргызстан велоспорту федерациясынын сүрөтү
Бул жетишкендик Кыргызстандын көз карандысыздыгынын тарыхында топтук жарышта биринчи алтын медаль болуп калды. Мындан тышкары, бул медаль Азия чемпионаттарында Кыргызстандын уткан бешинчи алтын медалы болуп эсептелет.
Мурда континенттик чемпионаттарда алтын медальды Евгений Ваккер 2007, 2008, 2011 жана 2012-жылдары жеке жарыштарда уткан.