Кыргызстандын Волейбол Федерациясы Sport АКИpress'ке берген маалыматына ылайык, Жантемир Жээнбек уулу жана Омурбек Жунусов «Тараз» клубунда ойнойт.
23-февралдан 27-февралга чейин Петропавловск шаарында Казакстан чемпионатынын эркектер арасындагы Улуттук лиганын төртүнчү турунун оюндары өтөт.
Учурда «Тараз» командасы үч турунан кийин турнирдик таблицада акыркы, сегизинчи орунда турат.
Эскерте кетсек, февралдын башында Жээнбек уулу жана Жунусов биринчи турунда Кыргызстандын Улуттук лигасында «Кара-Суу» жана «Бек Жалал-Абад» командалары үчүн ойноп катышкан.
Бул постту Instagram'да көрүү
Пост KAZAKHSTAN VOLLEYBALL FEDERATION (@volleyfederationkz) тарабынан