13-февралда өткөн Ливан Премьер-лигасынын 15-турундагы оюнда «Аль-Ансар» командасы «Сафа» менен сыртта беттешип, минималдуу 1:0 эсебинде жеңди. Бул беттештеги жалгыз голду 81-мүнөттө Ливан футболу жана футзалынын улуттук командасынын оюнчусу Али Тнейч киргизди.
Бул жеңиш «Аль-Ансарга» 38 упай топтоого жана турнирдик таблицанын биринчи орунун бекем кармоого мүмкүндүк берди, жакынкы атаандашы «Аль-Ахедден» 8 упайга алдыда турат.
Азия чакырык лигасынын 1/4 финалында «Аль-Ансар» Манас шаарындагы «Мурас Юнайтед» клубу менен беттешет.
Алгачкы оюн 4-мартта Катарда, ал эми жооп оюну 11-мартта Бишкекте өтөт.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация MTV Sports (@mtvlebsports) тарабынан