
Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Албаниянын борбору Тиранада өтүп жаткан Muhamet Malo–2026 эл аралык рейтингдик турниринде экинчи орунду ээлеп алды.
Нуртаева 72 кг салмак категориясында чыгышып, турнирдеги бардык этаптарда таасирдүү натыйжаларды көрсөттү.
Алгачкы раундда болгары Даниэла Браснаровага каршы 10:0 эсебинде жеңишке жетишти. Экинчи раундда 4:0 эсебинде алдыда турган Нурзат индиялык спортчу Решма Мане менен болгон күрөшүн туше менен жыйынтыктады. Үчүнчү айлампа дагы ийгиликтүү болду — кыргызстандык Дикшу Маликти 8:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалда Нурзат Польшадан келген Виктория Чолуй менен болгон катаал күрөшүндө 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште Нуртаева казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен беттешти. Бул финалдык матчта кыргызстандык 3:14 эсебинде жеңилип, турнирдеги күмүш медалды утуп алды.