
Кыргыз футбол федерациясы Игорь Кудренкону Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-17) башкы машыктыруучусу кызматına дайындалганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, Кудренко кыргыз футболунда чоң тажрыйбасы бар жогорку деңгээлдеги адис.
«Ал АФК «А» лицензиясына жана FIFAнын машыктыруучулук дипломуна ээ. Игорь көп жылдар бою Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучулар тобунда Александр Крестинин менен иштеди, жана анын командадагы жетишкендиктерге кошкон салымы баалуу. 2017-жылы ал Индонезияда өткөн турнирдеги (U-23) курама команданы жетектеп, жеңишке жетишкен. Ошондой эле Кудренко КФСте техникалык жана спорттук директорлук кызматтарды аркалаган, бул анын футболдук структураны терең түшүнгөндүгүн көрсөтөт», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Клуб деңгээлинде Кудренко «Дордой», «Бунедкор» (Ташкент), «Локомотив» (Ташкент) жана «Барс» (Каракол) командалары менен иштөө тажрыйбасына ээ.
Жаңы машыктыруучу катары ал курама команданы 29-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Азия Кубогунун тандоо турнирына даярдайт.