Футболчу Кими Мерк ФК «Дордойдон» «Алгууга» өттү

Наталья Маркова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram

Кыргызстандын улуттук командасынын футболчусу Кими Мерк эми ФК «Алга» командасында ойноп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу расмий билдирүү таратты.

Ал өткөн сезондо ФК «Дордой» командасында ойноп, жогорку деңгээлде өзүн көрсөттү.

КФС «жаңы клубга өтүү оюнчунун карьерасында маанилүү кадам» экенин белгиледи.

«Биз анын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана Кимига «Алга» командасында ийгиликтүү оюн, өсүү жана маанилүү жеңиштерди каалайбыз. Алдыда жаңы жеңиштер болсун!» - деп кошумчалашты союзда.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: