
17-февралда Алматыда жер титирөө болду. Европалык Жерортатеңиз сейсмология борбору берген маалыматка ылайык, сейсмикалык окуя Астана убактысы боюнча 15:08де катталган. Магнитудасы 5,0 түзүп, эпицентри Алматыдан 74 чакырым түндүк-чыгышта жана Есик шаарынан 31 чакырым чыгышта жайгашкан.