
24-февралда Нью-Йорктогу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын жыйынында Украинада тынчтыкка чакырган резолюция кабыл алынды. Маалыматтар уюмдун расмий сайтында жарыяланды, деп билдирет булак.
«Украинада туруктуу тынчтыкты колдоо» деп аталган резолюция 107 өлкөнүн колдоосун алды. 12 мамлекет каршы добуш берди, ал эми 51 өлкө добуш берүүдөн баш тартты.
Каршы добуш бергендердин арасында Россия, Беларусь, Буркина-Фасо, Бурунди, Куба, КНДР, Эритрея, Иран, Мали, Нигер, Никарагуа жана Судан болду. Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан добуш берүүдөн баш тарткандардын катарына кирди. Түркмөнстан добуш берүүгө катышкан жок, ал эми баш тарткандардын арасында АКШ, Кытай, Индия, Түштүк Африка, Армения, Бразилия, Катар, Монголия жана БАЭ да бар.
Кабыл алынган резолюцияда Украинанын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдоо белгиленген. Америка Кошмо Штаттары резолюциянын текстинен суверенитет жана аймактык бүтүндүккө байланыштуу эки абзацты, ошондой эле БУУнун Уставын алып салууну сунуштады. Бирок, башка өлкөлөр бул сунуш боюнча добуш берүүгө макул болгон жок, жана резолюция баштапкы вариантында кабыл алынды.