Бул секторго чет элдик инвестициялардын көбөйүшү төмөнкү факторлор менен түшүндүрүлөт:
Евразия өлкөлөрүндө электроэнергияга ички суроо-талаптын жогорулашы;
жаңы энергия булактарын пайдаланууга байланыштуу долбоорлорду камтыган энергетикалык өтүштү баштоо.
2025-жылдын ортосуна карата инвестиция көлөмү боюнча жаңы энергетикалык долбоорлордун Топ-5и
| Долбоордун аты | Жалпы тартылган инвестициялардын көлөмү | |
| 1 | Кашкадарьин облусунда (Узбекистан) Mubadala жана TAQA (БАЭ) катышуусунда жылуулук электр борборун куруу | $1 млрд |
| 2 | Каракалпакстанда (Узбекистан) ACWA Power (Саудия Аравиясы) катышуусунда шамал электр станциясын түзүү | $775 млн |
| 3 | Каракалпакстанда (Узбекистан) Sany Renewable Energy (Кытай) менен шамал электр станциясын куруу | $720 млн |
| 4 | Наманган облусунда (Узбекистан) Tepelen Group (БАЭ) катышуусунда күн электр станциясын түзүү | $350 млн |
| 5 | Балыкчыда (Кыргызстан) кытай инвесторлору катышуусунда күн электр станциясын куруу | $290 млн |
Кошумча маалымат:
Докладда төмөнкү Азия өлкөлөрү көрсөтүлгөн: Афганистан, Вьетнам, Индия, Иран, Индонезия, Кытай, Түркия, ошондой эле Перс булуңунун мамлекеттери — Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Саудия Аравиясы.
Евразия аймагы 13 өлкөнү камтыйт: Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Узбекистан жана Украина.
Ортолук Азия 5 мамлекеттен турат: Казахстан, Кыргызстан, Узбекистан, Тажикстан жана Түркмөнстан.