
// фото: ГАНЗОРИГ Лхамсурэн
Монголиянын Улуттук метеорология жана экологияны мониторингдөө агенттигинин маалыматына ылайык, жекшембиде өлкөнүн 90%ы кар менен капталган, анын калыңдыгы 45 смге жетет.
Расмий билдирүүдө метеорология агенттиги 21 монгол аймагынын кеминде тогузу «дзуд» деп аталган критикалык кышкы шарттарга туш болуп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, метеорологдор 16 аймак «дзудга» жакын шарттарда экенин билдиришти.
«Дзуд» термини Монголияда катуу кыштарды билдирет, анда көп сандагы мал карга тоңуп же кар астында калып өлөт.
Монголия узак мөөнөттүү суук кыштары жана кыска жайы менен мүнөздөлгөн катуу континенттик климаты менен белгилүү.