Медициналык камсыздандыруунун фонду (ФОМС) онкологиялык оорулардан жабыркаган бейтаптардын биринчи операциядан кийин бир жыл ичинде кайра операция жасалган учурда акысыз стационардык дарыланууга укуктуу экенин билдирди. Бул эрежелер пландалган хирургиялык кийлигишүү талап кылынган бардык учурларга колдонулат.
ФОМС мындай учурларда биринчи стационардык дарыланууда болгон сыяктуу, стационардык дарылоо үчүн кошумча төлөм алынбай турганын тактады.
Ошондой эле стационардык дарылоо процессинде төмөнкү үчүн кошумча төлөм талап кылууга тыюу салынганын белгилөө маанилүү:
- медициналык адистердин консультациялары;
- хирургиялык операцияларды жүргүзүү;
- анестезия;
- операциядан кийинки жараларды карап чыгуу;
- мекемеде жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык тесттер.