
Кытай делегациясына бир нече маанилүү долбоорлор сунушталды, алардын арасында Чаткал жана Жогорку-Нарын гидроэлектр станцияларынын каскаддарын куруу, Ала-Тоо Резорт туристтик долбоору, Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борбору, Топурак-Бел жел электр станциясы, Турксиб - Балыкчы темир жол участогу жана Асман Сити долбоору бар.
Taifaxian Group компаниясы мамлекеттик-жекече өнөктөштүк механизмдерин жана түз инвестицияларды камтыган ар кандай катышуу форматтарына кызыгуусун билдирди. Тараптар курулуш, энергетика жана шаардык инфраструктура боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулоону жана иштеп чыгууну улантуу боюнча макулдашышты.