Жолугушууда компаниянын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана түз инвестициялар боюнча ар кандай инвестициялык долбоорлорго катышуусу талкууланды. Негизги көңүл курулуш жана энергетика сыяктуу тармактарга бурулду.
Кытайлык өнөктөштөргө төмөнкү негизги долбоорлор сунушталды:
- Чаткал ГЭС каскады;
- Верхне-Нарын ГЭС каскады;
- туристтик долбоор «Ала-Тоо Резорт»;
- эл аралык соода-логистика борбору «Ат-Башы»;
- «Топурак-Бел» жел электр станциясы;
- Турксиб — Балыкчы темир жол участогу;
- «Асман Сити» долбоору.
Талкуунун жүрүшүндө инвесторлордун инфраструктуралык жана девелопердик долбоорлорду ишке ашырууда катышуу үчүн ар кандай форматтары каралды.
Переговорлордун аяктоосунда тараптар кызматташуу үчүн конкреттүү багыттарды талкуулоону улантууга макулдашты.
Маалымат:
Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. 1983-жылы негизделген жана Шэньси, Ички Монголия жана Кытайдын башка аймактарында ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Компаниянын негизги иш чөйрөлөрүнө курулуш, энергетика, инвестициялар жана девелопмент кирет.