
Инвестициялык кызматташтык боюнча негизги маселелерди талкуулоодо, өлкөнүн тоолуу жана жеткиликтүү эмес аймактарында күн энергиясы тармагында долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалды.
«Мамлекеттик инвестициялык саясаттын негизги багыттарынын бири жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү болуп саналат. Биз электр энергиясына жетүүдө кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан аймактарда туруктуу жана технологиялык жактан өнүккөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү эл аралык өнөктөштөрдү тартууга умтулабыз», — деп белгиледи Сабиров.
Vantagion terra group limited компаниясы жаңылануучу энергия булактары үчүн инфраструктураны курууга багытталган эл аралык инвестициялык-девелопердик платформа болуп эсептелет жана инвестициядан баштап күн жана шамал электр станцияларын куруу жана эксплуатациялоого чейинки толук циклды камтыйт.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында жашыл энергия тармагында конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга кызыктар экенин билдиришти.