
25 жылдык кредит, жеңилдик мезгили менен
Саудиянын өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жаңы мектептерди куруу үчүн 187,5 миллион риял (тактап айтканда 50 миллион доллар) бөлөт. Бул кредиттик келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда жактырылды.
Бул кредит 25 жылга берилет, анын биринчи 5 жылы жеңилдик мезгили болуп саналат. Проценттик ставка жылына 1,5% түзөт.
Курулуш, архитектура жана ЖКК министри Нурдан Орунтаев билдиргендей, каржылоо Бишкек жана Чүй облусунда 13 жаңы мектеп курууга жана бар мектептерди кеңейтүүгө багытталат.
Бул долбоордун ишке ашырылышы 2026-жылы башталып, 2029-жылга чейин улантылат деп күтүлүүдө.
Алгачкы фазада Кыргызстан боюнча 30 мектеп курулганын белгилеп өтүү керек.
Сүрөт www