HTX биржасы эл аралык аренада 55 миллионго жакын колдонуучуга кызмат көрсөтүп, спот жана деривативдик соода, стейкинг, ошондой эле Web3 кызматтары жана башка финансылык инструменттерди сунуштаган алдыңкы биржалардын бири болуп эсептелет.
KGSTнын HTXтагы соодасынын негизги параметрлери:
- Депозиттер 2026-жылдын 9-февралында, UTC боюнча 08:30 (Бишкек боюнча 14:30) ачылат;
- Соода KGST/USDT жупта спот соода форматында өтөт;
- Каражаттарды чыгаруу 2026-жылдын 10-февралында, UTC боюнча 10:30 (Бишкек боюнча 16:30) жеткиликтүү болот.
KGST – туруктуулукту камсыз кылууга багытталган жана эсептешүүлөрдө, санариптик финансылык инструменттерде колдонулган стейблкоин. Бул токен BNB Smart Chain тармагында BEP-20 стандартынын негизинде түзүлгөн.
Фархат Иминов белгиледи: "KGSTнын HTX эл аралык биржасындагы листинги мамлекеттин виртуалдык активдердин ачык, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү экосистемасын түзүү боюнча системалуу ишинин жыйынтыгы болуп калды. Биздин максат – жеке долбоорлорду өнүктүрүү гана эмес, глобалдык экономикага интеграцияланган санариптик финансылык улуттук инфраструктураны куруу".