
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) бирдиктүү салык негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык системасына өтүү үчүн арыздарды берүү мөөнөтүн 2026-жылдын 1-мартына чейин узартканын билдирди.
Мурда чет өлкөдө иштөөнү пландаштырган салык төлөөчүлөр арыздарын 1-февралга чейин тапшырышы керек эле. Бирок, көптөгөн кайрылууларды эске алып, мөөнөт узартылды.
2026-жылдын 1-январынан баштап мындай салык төлөөчүлөр 0,1% ставкасындагы бирдиктүү салыкты колдонууга милдеттүү болушат. Бул үчүн алар өздөрүнүн каттоосунан өткөн жергиликтүү салык органдарына кайрылып, тиешелүү арызды тапшырышы керек.
Салык кызматы ишкерлерге атайын салык режимине өтүү процессин убагында аяктоону сунуштайт.
Сүрөт www