Таласка мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт

Яна Орехова Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
Жогорку Кенештин финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 16-февралда өткөн жыйынында финансылар министринин орун басары Жибек Дуйшеева министрлер кабинетинин бул каражаттарды бөлүү боюнча буйругун сунуштады.

Жалпы суммадан 910 миллион сом капиталдык ремонт жана жаңы жолдорду куруу үчүн жумшалса, 180 миллион сом 30 электроавтобусту лизинг аркылуу сатып алууга бөлүнөт.

Комитет бул финансыландырууну бир добуштан колдоду.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: