
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы бир нече банктарга карата санкцияларына жооп катары, мамлекеттик органдар алардын таасирин жумшартуу боюнча чараларды ишке ашырууда. Бул тууралуу Улуттук банктын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында билдирди.
Ал Улуттук банк жана министрлер кабинетинин бул багытта системалуу жана туруктуу иш алып барганын, санкциялык чаралардын терс кесепеттерин минималдаш үчүн аракет кылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Козубеков санкциялык басым Кыргызстанды гана эмес, региондогу башка өлкөлөрдү да камтыганын баса белгиледи.