
Мамлекеттик кичи жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында Кыргызстандын тигүү компаниялары ыйгарым укуктуу банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттерди ала алышат. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Каржылоо 2023-жылдын 12-январында министрлер кабинетинин №1-р буйругу менен бекитилген кичи жана орто ишканаларды жеңилдетилген кредиттөө долбоорунун алкагында ишке ашырылат.
Кредиттер «Айыл Банк», «Элдик Банк», «Предпринимательдик өнүктүрүү фонду» жана «Керемет Банк» акционердик коомдору аркылуу берилет.
2026-жылдан 2030-жылга чейин пландалган бул программа тигүү тармагынын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, экспорт көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн региондорун камтыган жаңы жумушчу орундарды түзүүгө багытталган.
Консультация алуу же арыз берүү үчүн кызыккан ишканалар жогоруда аталган банктарга кайрыла алышат. Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер жана шарттар тууралуу толук маалымат каржы мекемелеринде жеткиликтүү.