
Республикалык «Ынтымак Ордо» борборунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда маанилүү жыйын өтүүдө.
Финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөр боюнча доклад менен Адылбек Касымалиев чыгып, ал өкмөт башчынын жана президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалап жатат.
Ал 2025-жылга бюджет 1 трлн 101,4 млрд сом деңгээлинде бекитилгенин, бул 2023-жылга салыштырмалуу 392,5 млрд сомго көп экенин билдирди. Бул республикалык бюджеттин өсүшү ички дүң продукциянын көбөйүшү жана өлкөдөгү салык башкаруунун жакшыртылышы менен байланыштуу.
Касымалиев 2020-жылы салык түшүүлөр 78 млрд сомдун деңгайында болсо, 2025-жылга болжолдор боюнча алар 304,3 млрд сомго жетерин белгиледи.
Иш-чарада ошондой эле өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын башчылары, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле райондордун акимдери катышууда.