
Министрликтин маалыматына ылайык, базарлар 2026-жылдын июнунан чейин иштейт, Бишкек шаары менен бирге бардык облустарды камтыйт. Бул иш-чаралар социалдык мааниси бар товарларды сатууга багытталган.
Ведомство ошондой эле учурда өлкөдө негизги азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги жок экенин жана товарлардын запасы жетиштүү деңгээлде экенин белгиледи. Базарлардын негизги максаты — ички рынокту камсыз кылуу жана жарандарга базар баасынан төмөн баада азыктарды сунуштоо. Уязвимдүү топторду жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Бишкекте базарлар шаардык мэрия менен кызматташтыкта өткөрүлүп, ар жекшемби күнү төмөнкү даректерде өтөт:
Турдакун Усубалиев атындагы аянт (И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, Эркиндик бульвары); "Восток-5" микрорайону; 12-микрорайон.
Базарларга катышуучулар белгилүү талаптарга жооп бериши керек: райондук агрардык башкармалыктан каттын болушу, санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо жана бааларды базардан төмөн коюу.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:
(0312) 66-14-22
0702 70 20 00.