
Кыргызстандыктар 256 миллион сомду милдеттүү авто жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) полистери боюнча алышты. Бул тууралуу Биринчи радиосунда интервью берген Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.
Анын маалыматына ылайык, ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрүнө эң көп төлөмдөр жасалган. Анын ичинде жеке камсыздандыруу 165 миллион сом алып келсе, мүлк камсыздандыруу боюнча жалпы төлөмдөр 625 миллион сомду түзгөн.
Ошондой эле, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча 28 миллион сомдон ашык төлөмдөр берилген. ОСАГО полистери, өз кезегинде, милдеттүү камсыздандыруу түрлөрүнүн арасында 256 миллион сом төлөмдөр менен лидер болушту.
Марат Пирназаров калк камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана анын жарандардын мүлктүк жана социалдык кызыкчылыктарын коргоодогу ролун улам-улам жакшыраак түшүнүп жатканын белгиледи.