
Мошенниктер, Улуттук банктын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган бойдон, көзөмөлдөгү уюмдардын кызматкерлерине билдирүүлөрдү жиберип, жок проблемаларды көрсөтүп, «координатор» менен байланышууга сунушташат.
Бул аракеттер алдамчылык болуп эсептелет.
Биз сиздерди сак болууга жана мындай билдирүүлөрдү текшерүүгө чакырабыз. Эгерде шектенүү болсо, расмий булактарга кайрылуу сунушталат
жана эч качан жеке маалыматтарды же кызматтык маалыматтарды бербеңиздер.
Ошондой эле, Улуттук банк кылмыш иштери менен байланышкан маселелерди чечпей турганын жана мындай телефон чалууну жүргүзбөй турганын баса белгилеп кетебиз.
НБКРдин коомдук кабыл алуу бөлмөсүнүн телефону: (312) 61-04-86