
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, президенттин көзөмөлүнө атайын даярдыктагы полкту өткөрүү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт жана фактыларга негизделбейт.
Мындан тышкары, атайын даярдыктагы полк штаттык режимде ишин улантууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана журналисттерди расмий маалымат булактарына гана таянууга жана текшерилбеген маалыматтарды таратуудан баш тартууга чакырат.