МИД: 26-мартта Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу маршруту боюнча түз авиарейс ачылат

Ирэн Орлонская Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
- Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугунун өкүлдөрү Гуанчжоу шаарында China Southern Airlines авиакомпаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу 11-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу маршруту боюнча туруктуу рейстердин башталышы жана Бишкек—Гуанчжоу—Санья (Хайнань провинциясы, Кытай) жаңы багытынын ачылышы боюнча маселелер каралды.

Кытай тарап Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи рейс 2026-жылдын 29-мартында пландалганын растады. Учактар ​​жума сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү учуп турат. Авиа билеттери 2026-жылдын 11-февралынан баштап сатылат.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: