Бул пландын негизинде, «Бедель» автоунаа өткөрмө пунктунун курулушу 30-сентябрга чейин башталууга тийиш, жана ал жыл бою суткасына 24 саат иштейт.
Проекттин ишке ашырылышына Мамлекеттик чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы жооп берет, ал эми каржылоону гранттык жардам аркылуу жүргүзүү пландалууда.
Кошумча маалымат:
«Бедель» өткөрмө пункту 2029-жылдын төртүнчү кварталына чейин суткасына 24 саат иштей башташы керек. Ал күнүнө 1 миңден ашык транспорт каражаттарын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми бир автоунаанын чек арадан өтүшүнө кеткен убакыт 15 мүнөттөн ашпайт.
«Бедель» пункту Кыргызстан менен Кытайдын чегинде 2024-жылдын 3-сентябрында ачылган жана Ысык-Көл облусунда жайгашкан. 2025-жылдын 27-августунан баштап Барскоон—Бедель жолунун курулушу башталат, ал бул өткөрмө пунктуна кирүүнү камсыздайт жана Кыргызстанды Кытайдын Аксу жана Учтурфан шаарлары менен байланыштырат. Келечекте Кабмин бул маршрут боюнча темир жол куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Маселенин тарыхы
Министрлер Кабинети «Бедель» автоунаа өткөрмө пунктун куруу жана жабдуу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭО) жүргүзүү тууралуу кытай тарапка жооп каттын долбоорун бекитти.
696-т номерлүү буйрук 2025-жылдын 13-августунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган.
Келишимдин негизги жоболоруна ылайык, тараптар расмий каттар деңгээлинде ТЭО жүргүзүү боюнча келишимди, кытай гранттык каражаттары менен каржылоону бекитүүгө макулдашышты.
Кытай тарабы ТЭО боюнча чыгымдарды 1 118 000 юань (~154 миң АКШ доллары) өлчөмүндө өзүнө алат.
Кыргыз тарап болсо:
- керектүү техникалык маалыматты берүүгө;
- адистерди бөлүүгө;
- жооптуу мекемени дайындоого (бул Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы болот).
Эгер техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыктары оң болсо, тараптар долбоор боюнча өзүнчө келишимге кол коюшат.
Каржылоо Кытайдын Өкмөттүк өнүктүрүү банкы жана Кыргызстандын «Элдик Банк» ААКсы аркылуу төрт нускадагы инвойс негизинде жүргүзүлөт.
Жооп катты Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков кол коёт, ал маанисиз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ болот.