Профильдик комитет ЖК Талантбек Солтобаевды транспорт жана байланыш министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады

Сергей Гармаш Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram

Комитеттин жыйынында Талантбек Солтобаевды Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоо маселеси көтөрүлдү.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков талапкер тууралуу маалымат берди.

Депутаттар республика боюнча автомобиль жолдорун жана социалдык объектилерди тез арада куруу жана оңдоо зарылдыгын талкуулашты.

Комитет талапкерди колдоп, Талантбек Солтобаевды транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоо маселесин Жогорку Кеңештин карашына жөнөттү.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: