Сагинтаев, евразиялык интеграциялык бирикмеге катышкан өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун активдүү катышуусу алардын экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү фактор экенин белгиледи.
ЕЭК өкүлдөрүнүн айтымында, бизнес менен иштөөдө негизги багыттардын бири экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат:
- 2025-жылы Индонезия, БАЭ жана Монголия менен соода келишимдерин түзүү пландалууда.
- Иран менен толук форматтагы эркин соода зонасы тууралуу келишим күчүнө кирди, ошондой эле Индия менен сүйлөшүүлөр активдешти.
- Тунис менен эркин соода келишимин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун талдоо жүргүзүлүүдө.
«Комиссиянын иши бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган, бул евразиялык экономикалык интеграциянын потенциалын ачуу аркылуу жетишилет. Биздин демилгелердин негизги пайда алуучулары — ЕАЭС өлкөлөрүнүн ишкерлеридир», — деп жыйынтыктады Бакытжан Сагинтаев.