Министрлер кабинетинде президенттин тигүү бизнеси менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти
- 21-январда тигүү секторунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдар үчүн бир катар маанилүү тапшырмаларды белгиледи. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев трансляция учурунда маалымдады. Негизги чечимдердин бири жеңилдетилген кредит берүү аркылуу колдоону кеңейтүү болду. Эгер проект ийгиликтүү ишке ашса, каржылоонун көлөмүн көбөйтүү жана пайыздык ставкаларды төмөндөтүү пландалууда.