ЖК комитети Токтобаевдин табигый ресурстар министри кызматына талапкерлигин жактырды

Юлия Воробьева Экология
VK X OK WhatsApp Telegram
17-февралда Жогорку Кенештин конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү, анда Акыл Токтобаевдин табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына талапкерлиги бекитилди.

Президент Садыр Жапаров анын талапкерлигин парламенттин кароосуна сунуштады.

Комитеттин жыйынында Токтобаевдин талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кенештеги өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Эми талапкерлик ЖКнын кийинки жыйынында талкууланууга чыгарылат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: