Соңку 5 жылда Бишкекте 24 мектеп курулган

Виктор Сизов Билим берүү
VK X OK WhatsApp Telegram
Министрлер кабинетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев акыркы беш жылда шаарда 24 билим берүү мекемесинин курулушу тууралуу маалымат бөлүштү. 

Анын айтымында, жалпы санынан 9 мектеп жаңы, ал эми 15и мурдагы билим берүү мекемелерине кошумча корпус болуп саналат.

«Кошумча корпус мектептин аянтын азайтпайт. Алардын долбоордук кубаттуулугу негизги мектептин кубаттуулугунан ашып кетиши мүмкүн. Ошентип, бул фактически жаңы билим берүү мекемелери деп айтууга болот», - деди мэр.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: