Курулуш министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, 25-февралда министр Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусунда аталган демилгени ишке ашыруу үчүн жумушчу сапар менен болду.
Сапар учурунда министр, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупат Маткаликов, ошондой эле тиешелүү департаменттердин жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте социалдык объектилерди куруу долбоорлору менен таанышып, жыйын өткөрдү.
Манаста төмөнкү билим берүү мекемелерин куруу пландаштырылууда:
- 375 орундуу мектеп: Ак-Тилек микрорайону, Достук көчөсү 25/2 (Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгы);
- 650 орундуу мектеп: Г.Мамбеталиев көчөсү (Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгы);
- 275 орундуу мектеп: Чолок-Терек айылы, А.Керимбеков көчөсү 167 (Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгы);
- Спутник микрорайонундагы 650 орундуу мектепке кошумча корпус, Р.Азизов көчөсү 13;
- Б.Осмонов атындагы №5 орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус, Л.Фурманов көчөсү 5;
- Ж.Болотов атындагы №21 орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус, Достук микрорайону.
Министр ошондой эле долбоордук-сметалык документацияны изилдеп, тиешелүү департаменттердин жана подряддык уюмдардын жетекчилерин курулуш иштеринин жогорку сапатын жана убагында аткарылышын камсыз кылууга чакырды.