Терс кредиттик тарых, эгер карыз алгычы 90 күндөн ашык төлөөнү кечиктирсе, түзүлөт.
Жыйында депутаттар «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү да талкуулашты. Талаптардын бири кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн кыскартуу:
- позитивдүү маалымат үчүн — жети жылдан беш жылга;
- терс маалымат үчүн — беш жылдан үч жылга.
Мындан тышкары, 10 миң сомдон кем суммадагы кредиттер боюнча терс маалымат бир жыл гана сакталуусу сунушталууда.
Мыйзам долбоору депутаттар тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.