



Санитардык нормаларга ылайык келбегендиги тууралуу маалыматка жооп катары, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева менен бирге 28-январда жеринде текшерүү өткөрдү.
Шаардык администрациянын маалыматына ылайык, окуу жайларын текшерүү учурунда бузулуулар аныкталып, мектеп жетекчилигине бардык класстарды белгиленген эрежелерге ылайык толук санитардык иштетүүнү өткөрүү боюнча көрсөтмө берилди.
Ошондой эле, билим берүү мекемесинин администрациясына тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө окуучулар жана мугалимдер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле окуу жайынын ичинде тартипти жана дисциплинаны сактоого көңүл бурулду», - деп айтылат билдирүүдө.