КРнын Эсеп палатасы жүргүзгөн аудит 2020–2024-жылдар аралыгында Антимонополия кызматын каржылоодо бюджеттин аткарылышында бузулуулар бар экенин көрсөткөн, бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча нормативдик документтерде максаттардын болушуна карабастан, Өнүктүрүү фондунун каражаттары өтө төмөн деңгээлде колдонулган.
Мисалы, 2023-жылы материалдык-техникалык базаны чыңдоого бар болгону 378,2 миң сом бөлүнгөн, бул бардык чыгымдардын 1,33 %ын гана түзгөн, ал эми 2024-жылы бул сумма 410,0 миң сомду (0,81 %) түзгөн.
«Фонддун финансылык ресурстарынын негизги бөлүгү кызматкерлерге жана социалдык сыйлыктарга жумшалган. Жамааттык келишим боюнча майрамдарга жана эскерүү күндөрүнө ар кандай төлөмдөр каралган. Аудит учурунда айрым кызматкерлер ай сайын бир нече жолу сыйлык алышкандыгы белгилүү болду», - деп билдиришти маалымат кызматынан.Мындан тышкары, текшерүү учурунда эсептөөлөрдө жана ички контролдо бузулуулар аныкталды. Негизги каражаттарды 1,5 миллион сомго эсептен чыгарууда документтерди толтуруу тартиби сакталган эмес, техникалык экспертиза, утилизация жана сатуу актылары жок болгон.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда бузулуулар аныкталды.
Мындан тышкары, аудит 1,7 миллион сомдук бюджеттик каражаттарды аймактардагы имараттарды ижарага алууда натыйжалуу колдонулбаганын көрсөткөн, ошол эле учурда мамлекеттик имараттарды акысыз алуу үчүн чаралар көрүлгөн эмес.
Эсеп палатасы каржылык жана антимонополия мыйзамдарын бузулуларын жоюу боюнча сунуштарды даярдады, бул бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга жана каржылык дисциплинаны бекемдөөгө багытталган. ```