
Архивдик сүрөт. Кыргызстандагы биринчи республикалык Советтер съезди (1927-жыл)
Россиянын Бишкектеги Элчилиги билдиргендей, 100 жыл мурун, ушул күнү XII ВЦИКтин президиуму Кара-Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз Автономиялуу ССРине айландыруу чечимин кабыл алган.
Бул өзгөртүү менен Кыргыз АССРдин аянты гана эмес, жашоочуларынын саны да артты.
Кыргыз АССРдин түзүлүшү кыргыз элинин тагдырына чечүүчү таасир этти. Россия менен бирдиктүү мамлекеттик мейкиндикте республиканы социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүүнүн негиздери коюлду. Тарыхый кыйынчылыктарга карабастан, бул тармактарда маанилүү жетишкендиктерге жетишилди.
Республикада өнөр жай, транспорт жана байланыш өнүгө баштады, айыл чарбасы техника жана жаңы уюштуруу ыкмалары менен камсыздалды. Калктын маданий жана билим берүү деңгээли кыйла өстү, кыргыз тилинде гезиттер жана китептер чыгып, билим берүү мекемелеринин тармагы кеңейди, деп белгиленет расмий билдирүүдө.