
Кыргызстандын борбору Бишкекте коомдук транспортто төлөбөй жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар активдүү өткөрүлүүдө. Бул маалымат шаардык мэрияда айтылды.
Көзөмөлдөө иштери мэрия кызматкерлеринин жана «Тулпар» компаниясынын катышуусунда үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 2025-жыл ичинде 369 билетсиз жүрүү фактысы катталды, анын натыйжасында мыйзам бузгандар жазаланды.
Муниципалдык автобустарда жүрүү үчүн төлөм 17 сомду түзөт, эгер төлөм банк картасы аркылуу болсо, ал эми кагаз акча менен төлөсө 20 сом. Билетсиз жүргөндүгү үчүн айыппул 1000 сомду түзөт.
Сүрөт www