
Фильм аялдардын тагдырын, зомбулукка учураган
Кыргызстандык «Курак» фильми 29-январдан 6-февралга чейин өтүп жаткан 17-Эл аралык кинофестивалда (BIFFES) сыйлыкка ээ болду.
Бул фестиваль Карнатака кино өнөр академиясы тарабынан жергиликтүү өкмөттүн колдоосу менен уюштурулуп, Индиядагы эң маанилүү жана тез өнүгүп жаткан фестивалдардын бири болуп эсептелет. Бул жылы программада 60 өлкөдөн 200дөн ашык фильм жана 13 экранда 400гө жакын көрсөтүү бар.
«Курак» Борбордук Азиядан негизги конкурска кирген 15 толук метраждуу фильмдин бири болуп калды.
Проекттин режиссёру жана продюсери — Эрке Джумакматова. Фильм зомбулук темаларын жана анын аялдар үчүн кесепеттерин камтыйт.
Сүрөт www