
Муниципалдык инспекцияда жаңы вакансияларга кабыл алуу жарыяланды.
Бишкек шаардык кеңешинин экономикалык, бюджеттик, финансылык жана инвестициялык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын начальниги Мирлан Таалайбеков (Царикаев) учурдагы кызматкерлердин айлык акысы 60 миң сомдон ашып жатканын билдирди.
Учурда инспекцияда 105 кызматкер иштеп жатат, бирок планда 160 адамга чейин көбөйтүү каралган.
Инспекциянын башчысы жаңы кызматкерлерди кабыл алуу ачылганын белгилеп, бардык каалагандар документтерин тапшыра алаарын айтты.
Сүрөт www