
Жолугушуунун жүрүшүндө диний жана этностор аралык мамилелерге байланыштуу мамлекеттик саясаттын негизги аспекттери талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары коомдогу өз ара түшүнүшүүнү жана гармонияны бекемдөө жолдорун, ошондой эле жакынкы кызматташтык жана биргелешкен иш-чаралар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Муфтий ДУМКнын иши боюнча отчетун сунуштап, учурдагы жетишкендиктерди жана келечектеги пландарды айтып берди. Ал өлкөдөгү диний туруктуулукту камсыздоо үчүн улуттук орган менен кызматташууга даяр экенин билдирди.