Проблема пайда болгондон кийин, Ош облустук экология жана техникалык көзөмөл кызматы тазалоо иш-чараларын баштады. Тазалоо уюштурууга байланыштуу расмий каттар Баш-Добо жана Торт-Кол айылдык аймактарына жөнөтүлдү.




Мындан тышкары, аламан улактын уюштуруучусу Жаныш Ниязов 5 500 сом суммада Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 115/1-беренесине ылайык айып пул салынды.
Учурда аймакты тазалоо иштери иш-чаранын уюштуруучулары, жергиликтүү бийлик жана тургундардын биргелешкен күчү менен жүргүзүлүүдө. Министрликте массалык иш-чараларды уюштуруу учурунда экологиялык нормаларды катуу сактоо зарылдыгын белгилешти.