Окуянын күбөсү бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысына билдирди.
Маалымат Жалал-Абад облусундагы бириктирилген клиникалык оорукананын өкүлдөрү тарабынан да тастыкталды.
Учурда укук коргоо органдары болгон окуяны иликтеп жатышат.
«Кок бору оюну учурунда, 27 жаштагы улакчы, ат менен бирге сууга кулап, чөгүп кетти. Анын денеси тез жардам унаасы менен бириктирилген клиникалык оорукананын моргуна жеткирилди», — деп билдиришти ооруканадан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жигит Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык аймагында жашаган», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Кийин Ош облусунун Ички иштер башкармалыгына 2026-жылдын 8-февралында Узген районунда аламан улак өткөрүү учурунда кырсык болгондугу маалым болду.
«Алдын ала маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун тургуну А.У., 1999-жылы туулган, атын Яссы дарыясына суу ичирүү үчүн алып барганда, ат тайып кетип, минген адам менен бирге жырадан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада улакчы ошол жерде каза болду», — деп билдирди облустук милиция.
- Акыркы маалыматтар боюнча, Узген районунда аламан улак оюнуна күбө болгон жигит унаадан жырадан кулап, оор жаракат алды. Учурда ал ооруканада жатат.