
Ош облустук экология жана техникалык көзөмөл кызматы Баш-Добо жана Торт-Куль айыл аймактарына расмий кат жөнөтүп, аймакты тазалоо жана булгануунун кесепеттерин жоюу талаптарын койду.
Министрликтин сүрөтү
Ошондой эле, уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязов Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 115/1-беренеси боюнча 5 миң 500 сомго айыпка жыгылды.
Учурда уюштуруучулар жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аймакты тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Алардын милдетине калдыктарды жыйноо, ташуу жана аянтчаны санитардык абалына келтирүү кирет.
Табигый ресурстар министрлиги массалык иш-чараларды уюштуруучуларды экологиялык нормаларды сактоого чакырды, мындай бузулуулар айлана-чөйрөгө зыянын тийгизип, жергиликтүү коомчулуктар үчүн терс кесепеттерге алып келерин белгиледи.