
Парламентте 2024-жылга чейин биринчи жолу катталган учурлар тууралуу маалыматтар жарыяланды
Жогорку Кенештин саламаттык сактоо, эмгек, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов 2024-жылга чейин статистиканы сунуштады.
Анын маалыматына ылайык, жаңы катталган учурлар боюнча расмий маалыматтар төмөнкүдөй:
- Даун синдрому:
2022-жыл — 135 учур,
2023-жыл — 135,
2024-жыл — 161; - Аутизм:
2022-жыл — 99,
2023-жыл — 90,
2024-жыл — 82; - Балдардын церебралдык параличи (ДЦП):
2022-жыл — 753,
2023-жыл — 586,
2024-жыл — 527.
Депутат Жылдыз Садырбаева сунушталган маалыматтар башка расмий булактардан кыйла айырмаланарын белгиледи. Ал өлкөдө ДЦП, аутизм жана Даун синдромунан жабыркаган балдарды так жана универсалдуу эсепке алуу үчүн бирдиктүү электрондук базаны түзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Сүрөт www