
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинен Р. З. аттуу жарандын Россияда болуп, асырачысынын жоголушуна байланыштуу жөлөк пул алгандыгы тууралуу маалымат берилди.
Маалыматка ылайык, КРнын Минсоцтруду тарабынан Россия Федерациясындагы мамлекеттик органдар жана жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, керектүү төлөмдөрдү алуу боюнча жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, 2025-жылдын 5-декабрында, Р. З. Россиянын Социалдык фондунан 2 миллион рубль өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул жана жумуш берүүчү ООО «Дентро» тарабынан 174 600 рубль компенсация алган. Жалпы төлөмдөрдүн суммасы 2 174 600 рубльди түздү.